Таш көтөргөн балбандар... Сооронбай Жээнбековдун мааракедеги сүрөттөрү

Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара өттү.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков 30-июнда Чүй облусунун Жайыл районундагы Суусамыр өрөөнүндө Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдыгына арналган майрамдык иш-чарага катышты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жоламан Шаршенбеков дүйнөдөгү күчтүү үч балбандын катарына кирди
Жээнбеков Кожомкул балбан кыргыз элин даӊазалаган өз заманынын залкар инсаны болгондугун белгиледи. Майрамдык иш-чаралардын алкагында улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлүп, концерттик программа менен коштолду.

Балбан эскерилип, күмбөзүнө барып куран түшүрүлдү. Андан кийин президент балбандын архивдик материалдары жана жеке буюмдары сакталган үй-музейине барган. Жээнбеков үй-музейге кыргыздардын тарыхын чагылдырган "Кыргыздар" китебинин томдорун, Чыӊгыз Айтматовдун чыгармалар топтомун жана улуу жазуучу менен Айкөл Манастын элеси түшүрүлгөн сүрөттөрдү белекке берди.