Ысык-Көлдө өткөн Азия чемпионатында КР таэквондочулары 137 медаль алды

Командалык эсепте экинчи орунга Малайзия, үчүнчү орунга Өзбекстан татыды.
Sputnik

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Кечээ Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында таэквондонун ITF версиясы боюнча Азия чемпионаты жыйынтыкталып, кыргызстандыктар командалык эсепте биринчи орунду алды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.

Кыргызстандын өспүрүм балбандары Таиланддагы Азия чемпионатына даярданууда
Маалыматка ылайык, улуттук курама команда жалпысынан 137 медаль алган. Анын 54ү — алтын, 33ү — күмүш жана 50сү — коло.

Экинчи орунга Малайзиянын спортчулары ээ болуп, 11 алтын, 6 күмүш жана 3 коло медаль тагынышкан. Өзбекстандын командасы 7 алтын, 7 күмүш жана 10 коло утуп, жалпы эсепте үчүнчү орунга татыды.

Бүгүн, 29-июнда, таэквондонун ITF версиясы боюнча Азия кубогу башталганы кошумчаланды.