БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кайтарып жаткан мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлери алынып салынды деген маалымат туура эмес. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Жан сакчылар алып салынганын Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Эдил Байсалов жазып чыккан.
"Азыркы учурда Атамбаевди кайтарып жаткан мамлекеттик күзөт кызматкерлеринин саны мурдагыдай эле. УКМК экс-президенттин коопсуздугу үчүн зарыл болгон учурда күзөт кызматкерлерин дагы кошумча күчтөп берүүгө даяр", — деп айтылган таратылган маалыматта.
Эске салсак, кечээ, 27-июнда, Жогорку Кеңеш мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди экс-президент статусунан ажыраткан.