Путин мураскери тууралуу суроого жооп берди

Путин мураскер тууралуу биринчи ирет президент болуп шайлангандан бери эле ойлонот.
Sputnik

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин келечекте анын ордуна келе турчу адам тууралуу суроого жооп бергенин РИА Новости агенттиги жазды.

Путин биринчи ирет президент болуп шайлангандан бери эле ушул маселе тууралуу ойлонуп келгенин айтты.

"Абал өзгөрүп, адамга болгон талаптар дагы өзгөрүүдө. Канчалык кооздоп сүйлөгөнүбүз менен, баары бир акыркы чечимди Россиянын эли кабыл алышы керек", — деген пикирин Путин G20 саммитинин алдында Financial Times басылмасына берген маегинде билдирген.

Путин кайсы окуя үчүн уяларын айтып берди
Путин британиялык журналисттерге Россияда президентти жашыруун добуш берүү менен эл шайлай турганын эскерткен. Андан сырткары, кийин мамлекет башына келе турчу киши Россияны мындан да чыңдап, келечегине кам көрүп, кийинки муундун өнүгүшү үчүн жакшы шарт түзө турганын кошумчалаган. Ал ошондой эле Америка Кошмо Штаттары дагы Россияда туруктуулук болушуна кызыкдар экенин белгилеген.