Маалымат департаментинин башчылыгына Салкын Сарногоева дайындалды

Аталган кызматты ээлеп турган Бактыгүл Норузбаева өз каалоосу менен иштен кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин директорлугуна Салкын Сарногоева дайындалды. Бул туурасында аталган ведомстводон кабарлашты.

Ал эми аталган кызматты ээлеп турган Бактыгүл Норузбаева өз каалоосу менен иштен кеткен.