Жогорку Кеңеш сентябрга чейин каникулга тарады

Каникул учурунда депутаттар аймактарды кыдырып, шайлоочулар менен жолугушат.
Sputnik

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңеш 1-сентябрга чейин каникулга тарады. Парламенттин бүгүнкү акыркы сессиясында 20дан ашык маселе каралды. Алардын арасына мурдагы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратуу маселеси дагы кирип, колдоо тапты. 103 депутат Атамбаевди "экс-президент" статусунан ажыратууну колдосо, 6 депутат каршы чыкты. Бир депутат добуш бербесе, 10 депутат жыйынга келген эмес.

Сессия Улуттук гвардиянын оркестринин коштоосунда гимн аткаруу менен жабылды.

Кремль Атамбаевдин "экс" макамынан ажыратылышы боюнча үн катты
Каникул учурунда эл өкүлдөрү аймактарга барып, шайлоочулар менен жолугушат.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков 6-чакырылыштын 5-сессиясында өлкө үчүн маанилүү мыйзамдар кабыл алынганын белгиледи.

Жумабеков өз сөзүндө 5-сессияда 102 мыйзам, 539 токтом кабыл алынганын айтты. Андан сырткары, депутаттарга шайлоочулар менен болгон жолугушуусу жемиштүү болушун каалады.