Искендер Матраимовдун ЖК комитетиндеги ордуна Урматбек Самаев келди

Мурда Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары болуп Искендер Матраимов иштечү.
Sputnik

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Жогорку Кеӊештин "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Урматбек Самаев Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрайымынын орун басары болуп шайланды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Анын бул орунга дайындалышына 86 эл өкүлү макулдугун берди.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин аталган комитетинин төрайымы — Наталья Никитенко. Ал эми анын орун басары депутат Искендер Матраимов болчу.

Шыкмаматов: уран кенин казууга тыюу салган мыйзам долбооруна бут тоскондор көп
Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашкандай, ал "Азаттык" радиосунун "Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи" деп аталган иликтөөсүнөн кийин "иликтөө иштерине тоскоол болбоюн" деген негизде орун басарлыктан четтеген.

Бул депутаттын аты чуулуу иштерге аралашкан жайы бар. Быйыл 26-январга караган түнү "Токмок" көзөмөл өткөрүү бекетинин жанында контрабандачылардын атышуусу болгон. Буга шектүү катары эки адамды камакка алуу чечими чыккан. Бирок экөө тең ок жегенин айтып ооруканага түшкөн. Алардын бири Дастан Бейшенкулов депутат Урмат Самаев менен тууганчылыгы бар экенин моюндаган.

Кийин бул иштин алкагында депутат Самаев Чүй ОИИБинде сурак берген.

Депутат тууралуу кененрээк билгиңиз келсе, Sputnik агенттигинин макаласын окуңуздар.