Араванда жубайын куткарам деп сууга аккан жигиттин сөөгү Өзбекстандан табылды

Маркумдун сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди.
Sputnik

ОШ, 27-июн. – Sputnik. Араван районунда сууга аккан аялын куткарам деп өзү да чөгүп кеткен жигиттин сөөгү Өзбекстандан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Исабек Эргешов билдирди.

Сүрөткө түшөм деп... Милиция сууга аккан кыздын окуясы тууралуу
Анын айтымында, маркумдун сөөгү 26-июнь күнү Фергана облусуна караштуу Кувасай районунун Гүлистан айылындагы жергиликтүү тургундар тарабынан табылган. Маркумдун сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди.

Эске салсак, 2019-жылдын 20-июнунда саат 11:00дөр чамасында Түштүк Фергана каналына кокустан түшүп кеткен жубайын куткаруу үчүн жолдошу да сууга секирип, кошо агып кеткен. 22 жаштагы келиндин сөөгү 22-июнда Өзбекстандын аймагынан табылган

Түштүк Фергана каналынын суусу Өзгөн районундагы Кемпир-Абад суу сактагычынан агып келет. Ал Араван району аркылуу Өзбекстанга барат.

Буга чейин ӨКМдин Кризистик кырдаалда башкаруу борборунун кызматкерлери тарабынан Өзбекстандын тийиштүү органына көмөктөшүү жөнүндөгү кат жолдонгон.