Атамбаев: кармаганы келгендерге каршылык көрсөтөм, куралым бар

"Мени кармаганы келген балдарды аяп жатам. Эмитен угуп алсын дедим, жанымда эч ким болбойт", — деди мурдагы президент.
Sputnik

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таш айылындагы үйүнүн аймагында журналисттер үчүн жооп берип жатып, эгерде аны кармоо үчүн келишсе, курал менен каршылык көрсөтөрүн айтты.

"Кантип каршылык көрсөтөсүз?" деген суроого кайра тактап жооп айтты.

"Буга чейин да айткам. Менин сыйга алган куралым бар. Ошол мени кармаганы келген балдарды аяп жатам. Эмитен угуп алсын дедим. Кыргызда жатып өлгөнчө, атып өл деген сөз бар да. Менин жанымда эч ким болбойт", — деди ал.

Атамбаев үй-бүлөсү анын жанында экенин айтып, болгону кызы Бишкекте балдарын карап отурганын кошумчалады.

Эске салсак, бүгүн Жогорку Кеңеш 103 макул деген добуш менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди "экс-президент" статусунан ажыраткан.

Жан сакчы, VIP-зал, пенсия... Атамбаев кандай артыкчылыктардан кол жууду
Эске салсак, буга чейин Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу маселеси боюнча комиссия түзүлгөн. Анын мүчөлөрү 17-июнь күнү Атамбаевге коюлуп жаткан айыптарды жарыялаган. 18-июнда комиссиянын ишинин жыйынтыгы Жогорку Кеңеште каралып, андан ары Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн.

Ал эми көзөмөл органы 25-июнь күнү парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетте Алмазбек Атамбаевге атайын комиссия тарабынан коюлган алты айыптын бешөөнү негиздүү деп тапканын билдирген. Алар: Кой-Таш айылындагы жер тилкесин мыйзамсыз алуу, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна, акча адалдаган "Ака инвест" сыяктуу бир нече компанияга тиешеси бардыгы, Бишкек ТЭЦин реконструкциялоодогу коррупциялык иштер жана ТЭЦке көмүр ташыган компаниянын кызыкчылыгын коргоо маселеси. Башкы прокурордун айтымында, ар бир иш боюнча Жазык кодексинин 319-беренеси ("Коррупция") менен сотко чейинки өндүрүштөр жүргүзүлүп жатат.