Радио

Алышбаева: Бишкекте ири фестиваль башталды

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маданият, искусство жана кесиптик билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дамира Алышбаева иш-чарага катышуу үчүн КМШ өлкөлөрүнөн 45тен ашуун окумуштуу жана илимпоздор келгенин айтты.
Sputnik
Алышбаева: Бишкекте ири фестиваль башталды

Бишкекте Дүйнө элдеринин эпосторунун V фестивалы башталды. Бул тууралуу Дамира Алышбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, фестиваль үчүн 14 боз үй тигилген.

"Бүгүн саат 10:00дөн тарта Бишкекте Дүйнө элдеринин эпосторунун V фестивалы башталды. Элет жеринен иш-чара үчүн 14 боз үй алып келинип тигилди. Ийгиликтүү өткөрүп алышыбызды тиленип жатабыз. Фестиваль илимий-практикалык жана маданий бөлүктөн турат. Анын алкагында этникалык мурасты сактоо жана жайылтуу маселелерине арналган симпозиум өтөт. Ал эми маданий программада көчмөндөр кийимдеринин көргөзмөсү, уз-чеберлердин колунан чыккан эмгектердин жарманкеси уюштурулду. Ошондой эле иш-чарага катышуу үчүн КМШ өлкөлөрүнөн 45тен ашуун окумуштуу менен илимпоз келди", — деди Алышбаева.

Ал фестивалдын жүрүшүндө "Мыкты боз үй", "Көчмөн стили", "Мыкты манасчы" жана "Мыкты дастанчы" сынактары Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөрүн кошумчалады.