Жарым акчасын өкмөт төлөй турган менчик бала бакчалар. Тизме, даректер

Долбоорго катышып жаткан бакчалардын ичинен тиешелүү документтери туура болгон, лицензиясы бар, лицензиялык талаптарга туура келген, окуу-материалдык базасы камсыздалган, кароодон өткөн тогузу тандап алынган.
Sputnik

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына 50 пайыздык жеңилдик кыла турган жеке менчик бала бакчалардын тизмесин жарыялады.

Эске салсак, буга чейин министрлик Бишкек шаарында аз камсыз, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн жана айлыгы аз мамлекеттик кызматкерлердин балдарын бакчага киргизүү боюнча социалдык долбоору старт алганы турганын кабарлаган.

Өкмөт менчик бала бакчага барчулардын жарым акчасын төлөмөй болду. Шарты
Анда мамлекет жеке менчик бала бакчалардагы төлөмдүн 50 пайызын төлөп бермек. Башкача айтканда, бала үчүн бакчага берилчү каражаттын теңин төлөп берүү тууралуу айтылган.

Долбоорго катышып жаткан бакчалардын ичинен тиешелүү документтери туура болгон, лицензиясы бар, лицензиялык талаптарга туура келген, окуу-материалдык базасы камсыздалган, кароодон өткөн тогузу тандап алынган. Аларды атайын комиссия караган.

Баланы 50 пайыздык жеңилдик менен алчу бакчалардын тизмеси:

— "Капелька счастья" бакчасы. Дареги: Дэн Сяопин көчөсү, 551;

— "Бекхан" бакчасы. Дареги: Токмок көчөсү, 65;

— "Карлсон" бакчасы. Дареги: Восточная көчөсү, 64;

— "Балдар ааламы" бакчасы. Дареги: Лев Толстой көчөсү, 97а;

— Герман Гмайнер окуу-тарбиялык комплексинин "SOS" мекемеси. Дареги: Токтоналиев көчөсү,137а;

— "Кенгурёнок" мектепке чейин окуу жана тарбия борбору. Дареги: Бакаев көчөсү, 141;

— "Нур-Бала" бала бакчасы. Дареги: 7-кичирайон, 23/4а үйү;

— "В гостях у Пеппи длинный чулок" бала бакчасы. Дареги: Осипенко көчөсү, 38;

— "Слонёнок" ЖЧКсы. Дареги: Армейская көчөсү, 10-үй, 3-батир.

Социалдык долбоорго кимдер катыша аларын жана кандай документтер керектеле турганын Sputnik Кыргызстан даярдаган материалдан карап алыңыздар.

Балаңыз барган мамлекеттик бакчаны таап, ал жакта канча бала ашыкча тарбияланып жатканын дагы статистикадан көрсөңүз болот.