Көчмө клиника Жумгалдын элин текшерип жүрөт. Сүрөттөр

22-июнь күнү эле ак халатчандарга 100гө чукул киши кайрылган.
Sputnik

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Чүй облусунун көчмө клиникасы Жумгал районунун Туюк-Суу, Өрнөк, Миң-Куш айылдарында медициналык акысыз текшерүүлөрдү жүргүзүп баштады. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

22-июнь күнү эле ак халатчандарга 100гө чукул киши кайрылган.

Ал эми бүгүн Миң-Куш айылына саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев барып, мобилдик клиниканын жашоочуларды текшерип жатканын көрдү.

Депутат: Ноокаттагы мектеп нымдан көгөрүп, балдардын бою өспөй калыптыр
Жергиликтүү эл дары-дармек менен жеңилдиктер аркылуу камсыздоо, меджайлардын имараттарын оңдоп-түзөөдөн өткөрүү маселелерин айтышты.

Жашоочулары офтальмолог, отоларинголог, эндокринолог, кардиолог, педиатр, гинеколог, невропатолог, маммолог, уролог өңдүү атайын багыттагы адистердин консультацияларын алып, УЗИ жана СПИДге экспресс-тестирлөө тапшыра алат.

Министрлик бардык каалоочуларды текшерүүдөн өтүүгө чакырат. Көчмө мобилдүү клиникалардын жер-жерлерге чыгуу графигин үй-бүлөлүк медицина борборунан тактап алууга болот.