Ар бир үчүнчү кыз жолугушууга тамак жеш үчүн барат. АКШдагы сурамжылоо

Адистин пикиринде, мындай ишти кээде эркектер да жасайт.
Sputnik

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Ар бир үчүнчү кыз жолугушууга акысыз тамак ичиш үчүн барат. Бул тууралуу "Известия" жазды.

Басылма АКШдагы Азуса университетинин социологдорунун билдирүүсүн жарыялап, америкалык журналдардын бирине чыккан изилдөөнүн жыйынтыгына таянган.

Бир түнөгөндөн кийин эле кыз жакпай калат, эми үйлөнбөй каламбы? Жигиттин каты
Сурамжылоого жүздөгөн кыз катышкан. Окумуштуулар алардын психологиялык абалын жана анча олуттуу эмес кездешүүлөргө кандай көз карашта экендигин текшерген. Жыйынтыгында кыздардын 33 пайызы жок дегенде бир жолу романтикалык сезимдер үчүн эмес, жолугушууга курсагын тойгузуу үчүн баргандыгы белгилүү болгон.

Адистер мындай ыкмага көбүрөөк ыктаган аялдарды да аныктаган. Алардын айтымында, андай кыз-келиндер терс сапаттарга ээ болуп, башкаларды манипуляциялап, баарлашкан адамынын ички сезимин, эмоцияларын жакшы түшүнө албайт.

"Мындай сулуулар өзүмчүл, таш боор келишет. Алар аял менен эркектин ролун салттык көз караш менен карагандар", — деди социолог Брайан Коллиссон.

Анын пикиринде, изилдөөнүн жыйынтыгы мындай жолдорго кыз-келиндер гана бара тургандыгын далилдебейт. Мындай ишти кээде эркектер да жасайт, бирок азырынча андай изилдөө жүргүзүлө электиги белгиленди.