БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Өлкөнүн алыскы жана барууга кыйын айылдарында бекер медициналык текшерүүлөр өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Көчмө мобилдик клиникалар апрель айынан тарта Ысык-Көл, Жалал-Абад, Нарын жана Чүй облустарында иштеп жатат. Жакында алар Ош облусуна барат.
Мында аймак жашоочулары офтальмолог, отоларинголог, эндокринолог, кардиолог, педиатр, гинеколог, невропатолог, маммолог, уролог өңдүү атайын багыттагы адистердин консультацияларын алып, УЗИ жана СПИДге экспресс-тестирлөө тапшыра алат.
Министрлик бардык каалоочуларды текшерүүдөн өтүүгө чакырат. Көчмө мобилдүү клиникалардын жер-жерлерге чыгуу графигин үй-бүлөлүк медицина борборунан тактап алууга болот.