Ысык-Көлдү кайсы жырткычтар байырларын билчү белеңиз? Табышмактуу көл тууралуу

Sputnik Кыргызстан агенттигинин командасы Жер планетасындагы укмуштуудай Ысык-Көлдүн алдындагы дүйнө менен тааныштырат.
Sputnik

Ысык-Көлгө 80ден ашык дарыя куят, ошол эле учурда бири дагы кайра агып чыкпайт. Дүйнөлүк рейтингде эң чоң көлдөрдүн ичинен 25-орунда. Ал эми Жер планетасындагы эң терең көлдөрдүн арасынан жетинчи сапта турат.

Форель, судак, сом, карп... Балыктардын кыргызча аталышын билип алыңыз
Мында судак, севан форели, ал эле эмес, кубулма форель сыяктуу жырткыч балыктар бар. Булардын адамдар үчүн эч кандай кооптуулугу жок. Бирок көлдөгү жандыктар үчүн чоң коркунуч жаратат. Так ушул себептен Ысык-Көл акваториясында кубулма форелди багууга тыюу салынат.

Ысык-Көлдүн сыры ушуну менен эле бүтүп калбайт. Көлдүн терең катмарында Тимурдун сарайы бар экенин билчү белеңиз? Уламыш боюнча улуу аскер башчысы байлыктарын ошол сарайында сактачу экен.