Бүтүрүүчүлөр аттестат албай калабы? Министрликтин жообу

Кечээ, 20-июнда, социалдык тармактарда "Эртең бүтүрүү кечеси, аттестаттар болсо даяр эмес" деген маалыматтар тараган.
Sputnik

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Жалпы билим алганын тастыктаган (9-классты бүткөндө тапшырылат) аттестат жана күбөлүк даяр эмес деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова кабарлады.

Эске сала кетсек, кечээ, 20-июнда, социалдык тармактарда "Эртең бүтүрүү кечеси, аттестаттар болсо даяр эмес" деген маалыматтар тараган.

Жусупбекова бул фейк кабар экендигин белгиледи.

"Күбөлүктү мектептин бардыгы алды. Бүгүн 9-классты аяктап жаткандарга тапшырылат. 11-классты бүткөндөрдүн аттестаты мектептерге жиберилген. Тиркемеси толукталып, 24-июнда таратылат", — деди ал.

Абитуриент 2019: ЖРТнын талондору качан ташталат. Министрликтин так жообу
Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынын билдиришинче, быйыл 9-классты 96 миң окуучу аяктап, буйрутма менен керектүү күбөлүктөрүн алышууда.

Мындан тышкары, мектептерде ата-энелердин чогулушу, педагогдордун жыйыны, окуучулардын коопсуздугун камсыздоо тренингдерин өткөрүү боюнча профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлгөнү айтылат.

Бүтүрүү кечесинде күнү-түнү нөөмөт уюштурулуп, директор менен мугалимдер коллективи окуучулардын өмүрүнө, коопсуздугуна жоопкерчиликтүү болору белгиленген.