Кыргызстанга Түштүк Кореянын премьер-министри келет

Сапардын алкагында бизнес-форум уюштурулмакчы.
Sputnik

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ён Кыргызстанга боло турчу расмий сапарга даярданууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Кыргызстан-Индия кызматташуусу боюнча кол коюлган документтердин тизмеси
Бейшемби күнү тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Түштүк Кореянын элчиси Ха Тэ Ёкту кабыл алган.

Жолугушууда премьер-министрдин июлда боло турган сапары талкууланды. Тараптар тыгыз иштешүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, сапардын алкагында уюштурулуп жаткан бизнес-форумду өткөрүү тартибин сүйлөшүштү.

Мындан тышкары, министр менен элчи учурдагы эки тараптуу мамилеге да баа беришкен.