Ошто масштабдуу жарыш өтөт. Жабылчу көчөлөрдүн картасы

Иш-чара 23-июнга белгиленген. Анда кичинекейлер үчүн 200 метрлик жарыш каралса, чоңдор 10 чакырымга чейин чуркашат.
Sputnik

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Ош шаарында 23-июнь күнү биринчи жолу "Мол булак Ош деми" жарышы өтө турганын уюштуруучу болгон "Тонус" коомдук фондусу билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарадан улам шаардагы жабылчу көчөлөрдүн картасы даярдалган. 

Ошто масштабдуу жарыш өтөт. Жабылчу көчөлөрдүн картасы

"Жарыш саат 7.00дө башталат. Мындан улам саат 6.00дөн 10.00гө чейин Ленин жана Исанов көчөлөрү жабылат. Жалпысынан эки аралык каралган: үч (12 жаш жана андан улуулар) жана 10 чакырым (16 жаш жана андан улуулар). Андан тышкары, 4-7 жаштагылар үчүн 200 метрлик жана 8-10 жаштагылар үчүн 500 метрлик мелдеш бар", — деп айтылат маалыматта.

Кечинде жамгырга карабай чуркашты. 1300 адам катышкан мелдештин сүрөттөрү
Иш-чара шаар администрациясынын маңдайындагы борбордук аянтта башталат.

Жарышка катышуу үчүн маалыматты www.tonus.kg сайтынан же (0555) 90-93-09, (0501) 90-93-09 телефондору аркылуу алууга болот. Каттоо 22-июнда аяктайт.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги — иш-чаранын эл аралык медиа өнөктөшү.