Видеодон эркек кишилердин "Иссык-Куль" ресторанынан чыгып келе жатканы көрүнүп турат. Андан кийин метрого төрт киши чуркап баратканын, алардын артынан дагы беш киши жүгүргөнүн байкоого болот.
Эске салсак, окуя 19-июнь күнү таңкы 5.30дарда болгон. Анда 18-20 жаштагы балдардын тобу Большая Семеновка көчөсүндөгү "Иссык-Куль" ресторанында эс алып чыккандан кийин уруша кеткен. Балдардын бири бычак жеп каза болгону айтылган.
Элчиликтин маалыматы боюнча, Москванын Чыгыш автономиялык округу боюнча Тергөө башкармалыгынын Измайловский райондор аралык тергөө бөлүмү тарабынан адам өлтүрүү боюнча кылмыш иши козголду. Азыркы кезде шектүү адамдарды кармоо үчүн иликтөө иштери жүрүүдө.
Ал эми каза болгон жарандын сөөгүн мекенине жөнөтүү боюнча тийиштүү документтер даярдалууда.