Ысык-Көл облусунун 80 жылдыгы Каркырада белгиленет

Мааракенин жүрүшүндө залкар манасчылар Саякбай Каралаевдин 125 жылдыгын жана Уркаш Мамбеталиевдин 85 жылдыгын өткөрүү да каралган.
Sputnik

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун 80 жылдыгы 20-июнь күнү Каркыра жайлоосунда белгиленет. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Жаныбек Кожоев билдирди.

Мааракенин жүрүшүндө залкар манасчылар Саякбай Каралаевдин 125 жылдыгын жана Уркаш Мамбеталиевдин 85 жылдыгын өткөрүү да каралган.

"Андан сырткары, малчылардын майрамы уюштурулуп, асыл тукум мал көргөзмөсү өтөт. Ага кошумча жайыт пайдалануу маселеси талкууланат", — деди Кожоев.

Иш-чарага өкмөттүн расмий өкүлдөрү, коңшу өлкөлөрдөн да меймандардын келиши күтүлүүдө.