Трамп келерки аптадан тарта мыйзамсыз жүргөндөрдү депортациялоого убада берди

Трамп демократ-атаандаштарын миграцияны көзөмөлдөө ишинде алакан жайып отура берген деп күнөөлөп өткөн.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп келерки жумадан тарта АКШнын аймагында мыйзамсыз жүргөн мигранттарды депортациялоого убада берди.

"Эмки жумадан тарта АКШнын иммиграциялык-бажы полициясы мыйзамсыз жүргөн миллиондогон чет элдиктерди депортациялап баштайт. Алар АКШнын аймагына мыйзамсыз кирип алышкан. Кандай кирсе, ошондой чыгарылат", — деп жазды Twitter баракчасына Трамп.

​Американын бул президенти демократ-атаандаштарын миграцияны көзөмөлдөө ишинде алакан жайып отура берген деген тейде күнөөлөп кетүүнү унутта калтырган эмес.

Соцтармактагы баракчаңды көрсөт! АКШ мигранттар үчүн шартты катаалдатты
"Мексика өзүнүн иммиграциялык катуу мыйзамдарынан улам жакшы иштерди жасап жатат. Гватемала "коопсуз үчүнчү мамлекет" боюнча макулдашууга кол коюуга даярданууда. Бир гана иш жасабай отургандар –  конгресстеги демократтар", — деген Трамп.

Президент Дональд Трамптын мыйзамсыз миграцияга каршы экени маалым. Быйылкы жылдын 30-майында ал мыйзамсыз мигранттарынын маселесин чечмейинче Мексикадан кирген товарлардын бажы төлөмүн жогорулата берерин жар салган. Ал эми 15-февралда Трамп түштүк чегиндеги абалдан улам өзгөчө кырдаал жарыялаган. Бул АКШ менен Мексиканын чек арасында чеп курууга конгресстен кыйгап өтүп каражат алуу үчүн жасаганы айтылган.