Айдоочулук күбөлүктүн ордуна эмнеге кагаз берилип жатат? Мамкаттоонун жообу

Убактылуу документтер өкмөттүн буйругу менен 10-июндан баштап бериле баштаган. Бул процесс 1-октябрга чейин созулат.
Sputnik

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Айдоочулук күбөлүк менен автоунааны каттоо бланктарынын ордуна убактылуу документ бериле баштады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемесинин жетекчисинин орун басары Үсөйүн Касымалиев билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин интернетте айрым айдоочулар Мамкаттоо айдоочулук күбөлүк менен автоунааны каттаган бланктарды жөнөкөй, кагаз түрүндө эле берип жатканын айтып чыгышкан.

Касымалиев убактылуу документтер өкмөттүн буйругу менен 10-июндан баштап бериле баштаганын тастыктап, бул процесс 1-октябрга чейин созуларын айтты.

"Буга чейин бланктарды "Атлас Групп" деген чет өлкөлүк жеке компания чыгарчу. Булар 2011-жылкы тендерден утуп чыгып, 8 жылга келишим түзүлгөн. Келишим ушул жылдын апрель айында аяктады. Алар жасаган бланктардын акыркылары азыр чет өлкөгө унаа айдап кетчү айдоочуларга берилип жатат", — деди Касымалиев.

Эске салсак, 2019-жылдын 1-январында күчүнө кирген мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамга ылайык, бланктарды жергиликтүү гана компаниялар басууга укуктуу болуп калган. 2018-жылкы мыйзамдарда мындай документтерди басып чыгаруу боюнча тендерге чет элдик компаниялар да катыша алчу.

Касымалиев жаңы бланктарды басып чыгаруу боюнча тендер өтүп, жеңүүчү аныкталганын кошумчалады.

КРдин жалпы жарандык паспорту үчүн бланк менен литвалык компания камсыздайт
"Жаңы мыйзамга ылайык, бланктарды чыгаруу тендерине мамлекеттик жана мамлекетте үлүшү бар компаниялар катышышы керек. Бул тендерде "Учкун" жана "Гознак" компаниялары күчүн сынап, жыйынтыгында "Гознак" ишканасы жеңүүчү аталды. Алар бир бланктын баасын 192 сомго баалады. Азыркы учурда келишим түзүлүп, үлгүлөрүн бекитип жатабыз, даяр болгондон кийин мурдагыдай эле бланктар бериле баштайт", — деди Касымалиев.

Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемесинин жетекчисинин орун басары айдоочуларга убактылуу документти колдонуу эрежелерин түшүндүрүп берди.

"Убактылуу бланктар Кыргызстандын ичинде гана жарактуу. Ошол себептен алар азыр бекер берилүүдө. 1-октябрдан баштап Мамкаттоонун каалаган бөлүмдөрүнөн аны жаңы бланктарга алмаштырып алышат. Убактылуу документте коргоо элементтеринин бири болуп эсептелген QR коду бар. Документтин жасалма же жасалма эмес экендигин ошол код аркылуу тактаса болот. Укук коргоо органдары болобу же жөнөкөй жаранбы, документти ошол код аркылуу текшере алат", — деди Касымалиев.

Ал эми сыртка чыгам деген жарандарга убактылуу эмес, айдоочулук күбөлүк жана техникалык каражаттарды каттоо бланктардын акыркылары, запастагысы берилип жатат.

Аларды, тагыраагы, айдоочулук күбөлүктү мурдагы баасындай эле 12 евродон (936 сом), ал эми автоунааны каттоо бланкын 10 евродон (780 сом) сатып алса болот.