БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов Азиз Батукаевдин иши боюнча сурак берип жатып, Алмазбек Атамбаев президент кезинде кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотууга тапшырма берген деди. Бул тууралуу Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу маселеси боюнча комиссиянын жыйынында ИИМдин төргөө кызматынын жетекчисинин орун басары Мырзалы Жумабаев айтты.
"Өкмөттүн мурдагы вице-премьер-министри Шамил Атаханов өзүнүн сурак протоколунда Батукаевди бошотууга Атамбаевдин катыштыгы бар, тапшырма берилген деп айтып жатат", — деди аткаминер.
Бирок тергөө менен иштешүүгө даярдыгын билдиргени үчүн баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, 7-июнь күнү үй камагына чыккан.
Белгилей кетсек, Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу маселеси боюнча комиссия түзүлгөн. Ал 17-июнь күнү 2-отурумга чогулуп, Атамбаевге коюлуп жаткан айыптарды жарыялады. Айыптоолордун арасында кримтөбөл Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча суроо дагы коюлган.