Жомоктогудай! Рахмондун резиденциясында ажолордун эс алган видеосу

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Азия аймагында өз ара ишеним чараларын чыңдоо кеңешмесинин 5-саммитине катышуу үчүн Душанбеге барган президенттерди резиденциясында коноктоду. Рахмондун сыйы Facebook баракчасына жарыяланган.
Sputnik

Достук кечесине Россия президенти Владимир Путин, Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев, Афганистандын өкмөт башчысы Абдулло Абдулло, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана башка меймандар катышкан. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Душанбе шаарына бул кеченин эртеси баргандыктан, ага катыша албай калган.

ШКУга мүчө өлкөлөрдүн башчылары катышкан гала-концерттин видеосу
Facebook баракчасына жарыяланган видеодо көрүнүп тургандай, Эмомали Рахмон кесиптештерине резиденциясын көрсөтүп чыккан. Хан сарай тоонун боорунда, шар аккан суунун боюнда жайгашкан. Тажик президенти саммитке келген меймандарды тажик маданияты, тарыхы жана меймандостуктун мыкты салты менен тааныштырган. Кечеде кол өнөрчүлөрдүн эмгектери коюлган көргөзмөлөр уюштурулган. Коноктор Тажикстанда өстүрүлгөн коон, дарбыз, шабдалы, өрүк, алма жана башка мөмө-жемиштерди даамдап көрүшкөн. Меймандарды тажиктердин улуттук тамак-ашы да көңүл кош калтырган эмес.

Азия аймагында өз ара ишеним чараларын чыңдоо кеңешмесинин 5-саммити Душанбе шаарында өтүүдө. Аталган уюмга 27 мамлекет мүчө.