Жээнбеков Тажикстанга учуп кетти

Маалымат кызматынан бул президенттин бир күндүк иш сапары экендигин айтышты.
Sputnik

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Душанбе шаарына саммитке катышуу үчүн учуп кетти. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Эмомали Рахмон жаштардын террордук уюмдарга ооп кетишинин 3 себебин атады
Тажикстанда Азиядагы кызматташтык жана ишеним чараларынын 5-cаммити болот.

Жээнбеков Кыргызстанда өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин башчылары менен байкоочу өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин саммитинин эртеси жөнөп кетти.

Маалымат кызматынан бул президенттин бир күндүк иш сапары экендигин айтышты.