ЖАМК: Салянова кайсы илдеттер менен ооруй турганы белгилүү болду

Салянова ооруканада абак кызматкерлеринин коштоосунда.
Sputnik

БИШКЕК, 15-июн. – Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан (ЖАМК) мурдагы башкы прокурор Аида Саляновага кандай диагноз коюшкандыгын айтып беришти.

Буга чейин ЖАМКтын маалымат кызматы Салянованы №1 тергөө абагынан ден соолугуна байланыштуу Улуттук кардиология жана терапия борборуна алып кетишкенин билдирген. Консилиумдан кийин ал жүрөк илдетине байланыштуу ооруканага жаткырылган.

ЖАМК Салянованын саламаттыгын текшерүү үчүн ооруканага кат менен кайрылганын билдирди.

Аида Салянованын үч жашар кызы ыйлады. Соттун өкүмүнөн кийинки кадр
Консилиумда ага болжолдуу түрдө төмөнкүдөй диагноз коюлган: кайталанып турган муундун калтыратма оорусу. Кардит. А-V сол стенозунун тешиги. Митралдык жана вертикалдык клапандын биринчи баскычтагы жетишсиздиги. Үч жакка ачылма капкактын экинчи деңгээлдеги жетишсиздиги.
Перикардит. Өпкө-жүрөк кан тамыр оорусу. Жүрөк астмасы. Полиартралгия. Курч бронхит жана өнөкөт гастрит.

Мындан улам оорукананын жетекчилиги жана профессорлор Саляновага жатып дарылануу керектигин айтышкан.

Маалыматта мурдагы башкы прокурор ЖАМКтын кызматкерлеринин коштоосунда болору кошумчаланган.

Эскерте кетсек, кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча Саляновадан тыш дагы бир нече медик менен аткаминер кармалган.

Алардын кээси үй камагына чыгарылса, айрымы камакта. Ал эми ошол кезде ЖАМКты жетектеген Зарылбек Рысалиев оор абалда ооруканада жатат.