Биз бүгүн ошол каарман тууралуу 11 фактыны сунуш кылабыз.
Чубактын тек жайы. Чубак нойгут уруусунан чыккан. Айрым варианттарда өз аты Болот. Атасы Акбалта — нойгуттардын каны болуу менен Манастын атасы Жакып менен да алака түзүп, достук, теңтуштук мамиледе жүргөн акылман карыя.
Кайыптан төрөлгөн. "Манас" эпосунун Саякбай Каралаев айткан вариантында Чубакка өтө көп орун берилген. Жакып сыяктуу эле анын атасы Акбалта да көпкө чейин балалуу боло албай зарлап жүрөт. Ал кайыптан бүтүп, талаадан табылып, Акбалтанын баласы болуп калат.
Өзү мингенге ылайык ат издеши. Баатырдык эпостордо баатыр каармандын өзүнө ылайык мине турган ат издеши атайын эпизоддордо кеңири сүрөттөлөт, анткени баатыр менен анын аты тагдырлаш болот. Чубак балтыр билек, жоо жүрөк болгон кезде Манастын даңазасын угуп, ага кошулуу үчүн жолго чыгат. Бир күнү эс алганы булактагы мазарда уктап калат. Ошол түнү аны бир олуя абышка ойготот да ат тартуу кылат. Бул ага атайы арналган Көгала тулпар эле. Мына ошол Көгала (Сагымбай Орозбаковдун вариантында Көктеке) атын минип, Жойкума деген кылычын колго алып, далай-далай эрдиктерди көрсөтөт.
Манас менен Чубактын кездешүүсү. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча Манас менен нойгуттун каны Карачанын кызы Сайкал жекеме-жекеде сайышып жатканда, кыз жигитти сайып таштамак болгондо, ушул Чубак ажыратып калат да Манас менен таанышат. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Чубак Кашкарын да, Коконун да каратып, Каныкейдин атасы Каракандын хандыгы — Букарга жеке өзү кол салып, бирок Каныкей менен жекеме-жекеде жеңилип баратып, качып жөнөйт. Аны Каныкейден Бакай ажыратып калат. Мына ошондо ууда жүргөн Манаска кездешип, ага өзүнүн жана Каныкейдин жөнүн айтат, ага чоролукка өтөт. Манас менен Чубак жолуккан кезде ал он эки жашта болгон.
Эрдиктери сан жеткис. Бир катар эпизоддордо Чубак Манастан да, Алмамбеттен да ашып түшкөн эр жүрөк катары көрүнөт. Ал жоодон сүрдөбөйт да, кайра тартпайт да. Ар дайым алдыда жүрүп, душманга биринчи кол салат. Жалгыз көздүү Макел дөөнү көргөндө анын сүрүнөн коркуп, бул тоо менен Манас өзү беттешсин деп Алмамбет тайсалдап турганда Чубак "Качпай өлгөн эрлер деп, жакшы аттысы саа болсун, жолдошу Чубак экен деп, сооп чети маа болсун" деп Алмамбеттин алдын тороп, Макел дөө менен беттешүүгө көндүрөт. Ошол эле теңдешсиз согушта Нескара дөөсү баш болгон алтымыш дөөсүн бир өзү колго түшүрүп, байлап келет. Атынан ажыраган кезде да жоого багынбай, тогуз күнү тыным албай алар менен жөө-жалаңдап согушат.
Алабармандыгы, ишенчээктиги бар, же "Чубактын чатагы". Анын мүнөзү алабарман, ишенчээк, тез, ыкчам, чапчаң. Ушул сапаттары Чубакты индивидуалдуу каарман катары мүнөздөйт жана эпостун психологиялуулугун тереңдетет. Кыргыл чалдын көкүткөн сөзүнө ишенип Алмамбет менен чалгындан жол талашкандыгы анын алабармандыгын, ишенчээктигин, шашмасын көрсөтөт. Мына ошол мүнөзү менен ал эпостогу айтылуу "Чубактын чатагы" эпизодун жаратат.
Жубайы жана перзенти. Зайыбы Айжаңжуң кызы Бирмыскал. Манас Эсенканды жеңип алганда тартууга келген кыз. Ага "Суктанбай адам калбаган", "Таң сүргөндөй жарык өң, ар бир түрлүү бой мончок, бүткөн бойго тагылуу, кындырдай бели буулуп, абай менен жабылуу, Айжаңжуңдун эрке кызы, Чубакка нике кыйдырган". Булардан Канчоро төрөлүп, ал Манас баатырдын жакындарынын баарына душман болуп чыгат.
Чубакка арналган комуз күүсү. Кыргыз элинде Чубактын Алмамбет менен чыры тууралуу көп айтылып келет. Атактуу комузчу Ыбрай Туманов "Жол талаш" деген күү чыгарган, ал эл арасында чертилип жүрөт.