Бири экинчисин куткарам деп... Баткендеги суу сактагычтан балдар изделип жатат

ӨКМден балдар чөгүп кеткендигин айтышууда.
Sputnik

БИШКЕК, 15-июн – Sputnik. Баткендеги Төрткүл суу сактагычынан эки бала изделип жаткандыгын ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 15-июнда балдар суу сактагычтын жанында жүргөн. Алардын бири (жаш курагы белгисиз) сууда сүзүп баратып, чөгө баштаган. Жанындагы 22 жаштагы бала жардам бергенге барган. Көп өтпөй экөө тең суудан көрүнбөй калган.

ӨКМдин маалыматы боюнча, алар чөгүп кеткен.

Издөө иштерине 15 адам тартылган. ӨКМ кийинчерээк толук маалымат берерин кошумчалады.