Өз ата-энем башка экен... Бакма экенин 20 жылдан кийин билген кыздын каты

Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
Sputnik

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында ата-энеси башка адамдар экенин кокусунан билип калган кыздын каты жарыяланды.

Бакма экенимди уккандан бери ичим уйгу-туйгу, тамакка табитим тартпай, эмне болуп күн өткөнүн билбей жатам. Нес абалда жүргөнүмө бир жумага чукулдады. Бакма экенимди, өз апам атамдын карындашы экенин мага туугандарымдын бири айтты. Көрсө, ал мени өзү билет деп ойлочу экен.

Күндөлүгүн окуп шок болдум! Кайнагасынын кызын багып алган келиндин каты
Бул тууралуу ата-энеме айта элекмин. Кантип айтам, сөз кылгым да келген жок. Ойлуу жүргөнүмөн апам "бирөөнү жакшы көрүп калгансың го, ойлонуп эле калыптырсың" деп эч нерседен кабары жок...

Азыр 20 жаштамын. Бишкек шаарындагы колледждердин биринде окуйм. Ата-энем көзүмдүн агы менен тең айланып, эч нерседен кем кылбай чоңойтушту. Эки бир тууганбыз, эжем турмушка чыккан.

Көрсө, тууганымдын айтып бергени боюнча апам улуу эжемди төрөгөндөн кийин катуу ооруптур. Ошондон кийин такыр боюна бүтпөй коюптур. Атам менен апам көпкө дарыланып, балалуу боло албай жүргөнүн байкаган чоң энем бала багып алууну сунуштайт. Болгондо да кызынын кызын. Ал — мен. Эжемди жолдошу (атам) таштап кетип калат. Мага чейин бир уул, эки кызы бар экен. Кызынын бул абалын көргөн чоң энем мени төрөп, байке-жеңесине берүүнү сунуштайт. Бул сунушту эки тарап тең колдоптур. Ошентип, мен төрөлөөрүм менен баккан ата-энемдин колуна өтүптүрмүн.

Бакма баламын деген нерсе оюма да келбептир. Анткени апам мага болгон мээримин төгүп чоңойтту, баладан башкача карачу. Тарбиясын, тазалыгын айтыңыз. Анын да бир жери ооруп калса, үзүлүп түшө калчумун. Атам менен да мамилем өзгөчө. Дайыма жакшы сөзүн айтып, башкача бакты. Кичинемде улуу эжемдин жанынан чыкчу эмесмин. Турмушка чыкканда аябай ыйлагам.

Бир түнөгөндөн кийин эле кыз жакпай калат, эми үйлөнбөй каламбы? Жигиттин каты
Атамдын карындашы (төрөгөн апам) деле үйгө көп эле келчү. Ал да эч нерсе билгизчү эмес. Балдары (менин эже-байкелерим) кичине кезимде өпкүлөй беришчү, бирок баламын да, көп этибар алчу эмесмин. Азыр ошонун баарын ойлоп жаман болуп жатам. Баса, жездем (атам) башка аялга үйлөнүп кеткен. Ошол себептен аял катары кээде эжемди аяй берчүмүн. Бирок өзү тың болгондуктан, жалгыз экенине карабай балдарын окутуп-чокутту.

Эми эмне кылам? Ата-энеме бул тууралуу айтсамбы же бир күнү өздөрү айтат болду бекен? Апам жаман болот го. Өзү эле оорукчан, аяйм. Бирок билмексен болуп да жүрө албай жатам. Бир туруп баккан ата-энемди ойлосом, бир туруп баарына кайыл болуп баласын башкага аргасыз берген эжемди аяп кетем…

Гүлнара Жасоолова, психолог:

— Эгер бала бакма болсо, ата-энеси ага багып алганын Европа мамлекеттериндегидей мектепке бара электе эле айтканы оң. Канчалык эртерээк айтса, бала аны ошончо жеңил кабыл алат. Анткени анын бакма экени эртеби-кечпи баары бир белгилүү болот.

Кайрылган кызга кеңешим. Жазганыңызга караганда акыл-эстүү чоңойгон окшойсуз. Кызуу кандуулукка алдырбай, баккан ата-энеңизге дароо айтып салбай психологго кат жазганыңыздын өзү туура. Абалыңызды түшүнүп турам, мындайды кабыл алуу, албетте, оор. Бирок өзүңүздү кармаңыз, ата-энеңизге айтып аларды да, өзүңүздү да бушайман кылбай бир аз сабыр кыла туруңуз. Балким, алар деле убагы келгенде айтабыз деп даярданып жүрүшкөндүр. Бир тууган эжеңиз менен сырдаш болсоңуз, балким, биринчи аны менен сүйлөшүп көрөрсүз.

Агам экенин айтып коюшса, сүйбөйт элем го... Жаш кыздын жүрөк тилген каты
Төрөгөн апаңыз такыр эле башка жакта болсо бир жөн. Атаңыздын эле карындашы экен. Анын үстүнө эч нерседен кем болбой чоңоюптурсуз. Баккан ата-энеңизге "эмнеге айтпайсыңар" деп таарынуунун кажети жок. Төрөгөн апаңызга да (эжеңе) кыр көрсөтпөңүз. Анткени эки тарап тең сизди бактылуу кылыш үчүн бардык аракетин жасаган. Эки тарапты тең туура түшүнсө болот. Сизди жетишпеген жашоодо, уруп-сабап бакса, анда ал башка маселе болмок.

Баккан ата-энеңиз "чындыкты айтсак боор тартпай калабы" деп да кооптонушкандыр. Баары ачыкка чыгып, чын эле багып алганын айткан күндө да сиз баккан ата-энеңизден алыстап кетпеңиз. Бул алар үчүн өтө катуу сокку, өмүр бою жүрөгүнө тикен болуп сайылган талуу жер.

Эжеңизге мурда мамилеңиз кандай болсо ошол боюнча калтырууга аракет кылыңыз. Апаңыз экенин билгенден кийин эжеңизге болгон сезим, мамиле өзгөрүшү мүмкүн. Бирок кандай болгон күндө да эки тарапты тең ойлоңуз. Кийин турмушка чыгып, бышып-жетилип, балалуу болгондон кийин бул нерсеге башкача ой жүгүртүп каласыз.

Эгер үч тарап тең кыйналып, абалдан чыга албай жатса психолог менен бетме-бет сүйлөшүп, баарлашууну сунуш кылам.