Аида Салянованын дарты аныкталып, ооруканада дарыланмай болду

Салянова №1 тергөө абагында кармалып турган.
Sputnik

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Өлкөнүн мурунку  башкы прокурору Аида Салянова Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылганын жактоочусу Рабига Сыдыкова тастыктады.

Белгилей кетсек, буга чейин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча жанданган кылмыш ишинин алкагында №1 тергөө абагына камакка алынган Аида Салянова аталган ооруканага алып келингенин билдирген.

"Консилиум Салянова дарыгерлердин көзөмөлүндө болушу керек деген чечим чыгарды. ЖАМКка Саламаттык сактоо министрлигинен кат келди", — дешти кызматтан.

Аида Салянованын үч жашар кызы ыйлады. Соттун өкүмүнөн кийинки кадр
Мекеменин маалыматы боюнча, Салянова бүгүн ден соолугун текшертмек. Адвокаттын айтымында, Салянованын жүрөгү ооруп, саламаттыгы начарлаган.

Мурунку башкы прокурор ЖАМК кызматкерлеринин кайтаруусунда болот.

Эскерте кетсек, Батукаевдин иши боюнча Саляновадан тыш да бир нече медик менен аткаминер кармалган. Алардын кээси үй камагына чыгарылса, айрымы камакта. Ал эми ошол кезде ЖАМКты жетектеген Зарылбек Рысалиев оор абалда ооруканада жатат.