12 өлкөнүн лидерлери Кыргызстан үчүн эң маанилүү маселени көтөрдү

ШКУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери ачык типтеги экономиканы түзүүгө өзгөчө көңүл бурушту.
Sputnik

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. ШКУ уюмуна мүчө өлкөлөрдүн лидерлери эл аралык соода жүгүртүүдө өз өндүрүүчүлөрүн коргоо үчүн башка мамлекеттерге чектөөлөрдү киргизбеши керек деген бүтүмгө келишти. Бул тууралуу ШКУнун башкы катчысы Владимир Норов билдирди.

Эске салсак, 2017-жылдан бери Кыргызстандын жүк ташуучу унаалары Казакстандын аймагына өтүүдө тоскоолдуктарга учурап келет. Айрым эксперттер Нур-Султан муну өзүнүн өндүрүүчүлөрүн коргоо максатында жасап жатканын болжоп келишет.

"ШКУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери ачык типтеги экономиканы түзүүгө өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле мамлекеттер өндүрүүчүлөрүн коргоо үчүн башка мамлекеттерге чектөөлөрдү киргизбеши керектиги белгиленди", — деди Норов.

Путин президенттерди ШКУнун кийинки саммитине чакырды
"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында ШКУга мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммити жыйынтыкталды. Ага катышуу үчүн жана байкоочу катары Кыргызстанга тогуз президент менен эки премьер-министр келген.

ШКУга Кыргызстан, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Индия, Кытай, Пакистан мамлекеттери мүчө. Ал эми Белоруссия, Афганистан, Монголия жана Иран байкоочу макамына ээ.

Sputnik Кыргызстан саммиттен тексттик трансляция жүргүзүп жатат.