Жээнбеков менен Си Цзиньпиндин жолугушуусу башталды

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келди.
Sputnik

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Кытай лидери Си Цзиньпиндин жолугушуусу башталды.

Бул жолугушуудан кийин тараптар бир нече маанилүү документтерге кол коюп, ЖМК өкүлдөрү үчүн маалымат жыйын берилет.

Эске салсак, Си Цзиньпин Бишкекке 12-июнь күнү учуп келген. Ал Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине дагы катышмакчы.

Кытай лидерин "Манас" аэропортунан КР президенти Сооронбай Жээнбеков өзү тосуп алды.