Таасири күч лидердин КРге болгон мамлекеттик сапары кандай өттү? Видео

Си Цзиньпин "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына бир да мүнөт кечикпей убактысында келди. Аны КР президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.
Sputnik

Бишкекке мамлекеттик сапары менен келген Си Цзиньпин Ардак кароол менен "Салам" деп кыргызча учурашты.

Жээнбеков менен Си Цзиньпиндин макулдашуусу. Кол коюлган 18 документ
Сүйлөшүү учурунда Сооронбай Жээнбеков кытай лидеринин кызматташтыкты күчөтүү жана Кыргызстанды колдоого кошкон жеке салымын белгилеп, Си Цзиньпинге I даражадагы "Манас" орденин тапшырды. Белгилей кетсек, мындай жогорку сыйлык улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов, Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев, Россия президенти Владимир Путин жана мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевге берилген.

Жолугушуу учурунда айрым макулдашууларга кол коюлду. Си Цзиньпин Кыргызстандан айыл чарба продукциясын импорттоого дилгир экенин айтты. Өлкөлөр ортосунда бал, ун, сүт жеткирүү боюнча жалпы жонунан 20 макулдашууга кол коюлду.

Эки өлкөнүн башчылары ШКУ саммитине катышмакчы.