Индиянын премьер-министри Бишкекке расмий сапары менен келди. Сүрөттөр

Индиянын лидерин "Манас" эл аралык аэропортунан вице-премьер Замирбек Аскаров тосуп алды.
Sputnik

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Индиянын премьер-министри Нарендра Моди бүгүн, 13-июнда, расмий сапары менен Кыргызстанга келди. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Индиянын лидерин "Манас" эл аралык аэропортунан вице-премьер Замирбек Аскаров тосуп алды.

Расмий сапардын алкагында Нарендра Моди Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугушат. Анын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюу күтүлүүдө.

Нарендра Моди Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Жээнбеков менен Си Цзиньпиндин макулдашуусу. Кол коюлган 18 документ
Шанхай кызматташтык уюмуна 8 мамлекет — Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан мүчө. Ал эми Афганистан, Белоруссия, Иран жана Монголия өлкөлөрү байкоочу катары катышат.

ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын кеңеши 13-14-июнда өтөт. Аны 500дөн ашуун чет элдик жана жергиликтүү ЖМКнын өкүлдөрү чагылдырат.

Бул күндөрү эл аралык мүнөздөгү башка иш-чаралар да өтөт. Алсак, Монголия президенти Халтмаагийн Баттулга, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Кыргызстанга расмий визит менен келди. Ал эми Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин сапары мамлекеттик болуп саналат.