БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Россиянын Сергиев Посад шаарында Чыңгыз Айтматовдун кубогу үчүн көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш болуп, анда Кыргызстандын "Атуул" командасы биринчи орунду багындырды. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.
Мелдеш Евразия жана Россиянын "Русский мир" аталышындагы III дене тарбия этнофестивалынын алкагында болгон. Ага Кыргызстандан тышкары Тажикстандын, Өзбекстандын жана Россиянын спортчулары катышкан.
Жарым финалда өлкөнүн "Атуул" командасы Россиянын спортчулары менен кез келип, каршылаштарын 17:4 эсеби менен утуп алган. Ошондой эле жарым финалда Тажикстан менен Өзбекстандын улакчылары ойноп, жеңиш 3:2 эсеби менен тажик тарапка берилген.
Финалдык кармашта Кыргызстан Тажикстанды 7:1 эсеби менен утуп, Чыңгыз Айтматовдун кубогуна жана сыйлык катары унаага ээ болушкан.
"Атуул" командасында славян тектүү кыргызстандык балдар ойноп келет. Команда быйыл түзүлүп, алдыңкы турнирлерге катышып келе жатат.
Турнирдин максаты — кыргыз-орус мамилелерин чыңдоо, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскерүү жана көчмөн элдин оюну болгон көк бөрүнү жайылтуу экендиги белгиленген.