40 депутат Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратууга даяр. Кеңешчинин жообу

Эл өкүлдөрүнүн кээси ЖК трибунасынан сүйлөп, экс-президенттин дарегине сын айтышты.
Sputnik

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратуу боюнча документке 40 парламентарийдин колун чогултканын билдирди. Бул тууралуу "Кабар" агенттиги маалымдады.

Исаев аталган документти ЖК төрагасы Дастан Жумабековго тапшыруу үчүн протоколдук стенограмманы пайдаланды. Ага чейин бир топ депутат трибунага чыгып сүйлөп, экс-президенттин дарегине сын айтышты.

"Эгер УКМК, Башкы прокуратура жана ИИМ тиешелүү иштерди жүргүзбөсө, парламент ишти өз колуна алып, Атамбаевдин сөзүнө баа бериши керек", — деди Исаев.

Депутаттардын билдирүүсүнө Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева жооп берди.

"Эл экс-президенттин — бүгүнкү күндө бийликке каршы турган жалгыз саясатчынын кармалышына жол бербейт", — деп жазды ал Facebook баракчасына.

Экс-президенттин кол тийбестиктен ажыратылышы

"Биз чимкирик эмес, кыргыз элинин элитасыбыз!" Депутат Рыспаев ачууланганда
16-май күнү президент Сооронбай Жээнбеков "КР президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери тууралуу" мыйзамына өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзамга кол койгон. Ал мурунку өлкө башчынын кол тийбестиктен ажыратылышын шарттайт. Документке ылайык, экс-президент саясий же мамлекеттик кызматтарды, саясий партиялардын жетекчилигин аркалай албайт, башкача айтканда, саясий уюмдун ишмердүүлүгүнө катышуусуна тыюу салынат.

Айтылган талаптар аткарылбаган учурда бардык кепилдиктен ажыратылып, мыйзамда каралган материалдык жана башка камсыздоодон кол жууйт.

25-май күнү Атамбаевдин Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын төрагасы кызматынан кетип, уюмдун мүчөсү болбой калганы белгилүү болгон.