Кыргызстандын Улуу Британия менен Белоруссиядагы элчилери дайындалды

Буга чейинки элчи Гүлнара Искакова мамлекет башчынын жарлыгы менен иштен алынды.
Sputnik

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Эдил Байсалов Кыргызстандын Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен королдугундагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.

Жашыруун маалыматты ачыктап салган. Эдил Байсалов тууралуу 6 факт
Ал эми президенттин башка жарлыгы менен Гүлнара Искакова Кыргызстандын Улуу Британия жана Түндүк Ирландиядагы элчиси кызматынан бошотулган.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Байсаловдун талапкерлигин жактырган болчу.

Андан сырткары, мамлекет башчынын башка жарлыгы менен КРдин Белоруссиядагы элчиси болуп Эрмек Ибраимов дайындалды. Мурдагы элчи Кубанычбек Өмүралиев Түркиядагы элчи кызматына дайындалгандан бери анын орду бош турган.