БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Спорттук жаңылыктарды жазган SportsDaily жакында болгон UFC 238 турнириндеги мушкерлердин, анын ичинде чемпиондук титулун сактаган Валентина Шевченконун гонорарынын болжолдуу суммасын ачыктады.
Кыргызстандык кыз АКШ спортчусу Жессика Айды жеңип, экинчи раундда жаткыра тепкен.
Шевченконун нокауту UFC турниринде мыкты деп табылып, 50 миң доллар алмай болду.
"Иллинойс штатынын Атлетикалык комиссиясы мушкерлердин ала турган акчасынын суммасын так айткан жок. Төмөнкү сандар расмий эмес. Анткени менен берилген бул баа өткөндөгү турнирдин катышуучулары боюнча сумманы жакындаштырып берет", — деп айтылган макалада.
Экинчи катарда Валентина Шевченко болду. Жессиканы жеңгени үчүн 300 миң доллар алган. UFC турнирине чыкканы үчүн 105 миң доллар алмакчы. Бул иш-чарада анын мушташы негизги беттештердин бири катары каралганы үчүн 50 000 доллар ыйгарылган. Ал эми Reebok 40 000 доллар берген.
Үчтүктү Дональд Серроне жыйынтыктады. Акчасы 245 миң долларды чапчып, турнирдин уюштуруучулары 175 миң доллар төлөп берген. Ал кечтеги мушташы үчүн 50 000, ал эми Reebok жарнамасы үчүн 20 000 доллар алган.
Ал эми жеңилүү ызасын тарткан Жессика Айдын гонорары 130 миң доллар болсо, анын 100 миңин промоушен төлөгөн. 30 000 долларды жарнама үчүн Reebok берген.