Күмөн санаган эмеспиз! Жээнбеков телефондон Шевченкону куттуктады. Видео

Мамлекет башчы спортчунун жеңишинен күмөн санабаганын белгилеген.
Sputnik

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандык мушкер Валентина Шевченкону UFC уюмунун чемпиондук наамын коргоп калышы менен куттуктады. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Куттуктоонун видеосун Шевченконун достору дагы социалдык тармактагы баракчасына жүктөшкөн. Анда мушкер мамлекет башчы менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатат деп айтылат. 

Мушкер бүгүн Чикаго (АКШ) шаарында өткөн UFC 238 турниринин алкагында америкалык Жессика Айды нокаут менен утуп, эң жеңил салмак категориясындагы чемпиондук наамын сактап калды.

Өлкө башчы спортчунун жеңишинен күмөн санабаганын белгилеген.

"Чемпиондук курга жетүү оңой эмес. Ал эми аны коргоо андан да кыйын. Бирок сиз оңой эле жеңишке жеттиңиз. Беттешке мыкты даярданганыңыз көрүнүп турду. Алдыда дагы көп мелдешти утарыңызга ишенебиз", — деген Жээнбеков.

Шевченко Айды уткандан кийин кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирди
Шевченко өз кезегинде президентке спорттук карьерасына көңүл буруп жаткандыгы, колдоосу жана куттуктоо айткандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, бардык күйөрмандарына рахмат айткан.

"Мен ар дайым сиздин өлкөдөгү жылуу кабыл алууңузду унутпайм. Мен андан чоң күч-кубат алгам. Сизге жана бардык кыргызстандыктарга рахмат", — деген Шевченко.

Шевченко 2018-жылдын 9-декабрында польшалык Жоанна Енджейчикти утуп, алгач ирет алтын курга ээ болгон. Ал бүгүн наамын ийгиликтүү коргоп калды.