"Валя" деп кыйкырышты. Чикагодогу кыргыздар кафеде Шевченкону тоскон видео

Тайбоксер из Кыргызстана Валентина Шевченко
Валентина Шевченко беттештен кийин эжеси жана машыктыруучусу менен Чикагодогу мекендештер уюштурган кафедеги жолугушууга барган. Чогулгандардын бири түз эфир кылган.
Sputnik

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко америкалык Жессика Айды уткандан кийин мекендештер менен жеңишин майрамдап жаткан видео Facebook тармагында пайда болду.

Турнир UFC 238. Бой Валентины Шевченко и Джессики Ай
Шевченконун нокауту UFC турниринде мыкты деп табылып, 50 миң доллар алмай болду
Мушкер бүгүн Чикаго (АКШ) шаарында өткөн UFC 238 турниринин алкагында америкалык Жессика Айды нокаут менен утуп, эң жеңил салмак категориясындагы чемпиондук наамын сактап калган.

Шевченко бүгүнкү беттештен кийин эжеси жана машыктыруучусу менен Чикагодогу (АКШ) мекендештер уюштурган кафедеги жолугушууга барган. Чогулгандардын бири түз эфир кылган. Анда кыргыздар сырттан кирип келген спортчуларды кол чабуу менен тосуп алганын көрүүгө болот. Шевченко күйөрмандарына ыраазычылык билдирген.

"Кыргызстаныма салам айтам! Кыргызстанда туулуп-өскөнүмө сыймыктанам. Ал жактан көп нерсени үйрөнүп, эжем Антонина экөөбүз Павел Федотовдун колунда машыктык. Мындай куттуктоолор чемпиондук курумду дагы да коргоого дем-күч берет", — деген Шевченко.

Чогулгандар чемпион менен сүрөткө түшүп, кол тамга алышкан. Спротчуга торт белек кылышкан.

Видеодон ал жерде  ырчы, аткаруучу Сыймек Бейшекеевдин жүргөнүн да көрүүгө болот.