Шевченко Айды уткандан кийин кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирди

Кыргызстандык мушкер америкалык Жессика Айды нокаутка кетирип, чемпиондук наамын коргоп калды.
Sputnik

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. UFC чемпиону Валентина Шевченко жеңишинен кийин кыргызстандыктарга колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди. 

Шевченко Айды уткандан кийин кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирди

Мушкерлер Чикаго (АКШ) шаарында өтүп жаткан UFC 238 турниринин алкагында эң жеңил салмак категориясы боюнча күч сынашты. Мелдештин башталышында эле Шевченко Айды көтөрүп чаап, үстөмдүгүн көрсөткөн. Экинчи раунддун башталышында каршылашын бетке тээп, нокаутка кетирди.

"Мекеним — Кыргызстанга рахмат, мени колдогондорго жана бардык КМШ өлкөлөрүндөгү күйөрмандарыма ыраазычылык билдирем", — деген Шевченко.

Шевченко 2018-жылдын 9-декабрында польшалык Жоанна Енджейчикти утуп алтын курга ээ болгон. Ал бүгүн наамын ийгиликтүү коргоп калды.

Беттештин жүрүшүн Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин тексттик трансляциясынан көрсөңүздөр болот.