Петербургда кыргызстандыктар жергиликтүү тургундар менен мушташа кетти

Окуя 7-июнь күнү Васильев аралындагы турак үйлөрдүн биринин короосунда болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Санкт-Петербург шаарында кыргызстандыктар менен жергиликтүү тургундардын ортосунда мушташ чыкты. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги кабарлады. 

Окуя 7-июнь күнү Васильев аралындагы турак үйлөрдүн биринин короосунда болгон.

Мигрант кыз-келиндер Москвада таштап кеткен 6 бала Кыргызстанга кайтарылды
Алдын ала маалыматтарга караганда, эки тараптан тең ооруканага түшкөндөр болгон. Ар кимиси ар кандай жаракат алган.

Бул окуядан кийин Кыргызстандын элчилигине Н.А. аттуу жаран кайрылып, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууга жардам көрсөтүүнү өтүнгөн.

Өзүнүн айтымында, ал келинчеги менен келе жатканда мас кишилер кол салган. Полиция мушташтын катышуучуларын кармады. Тергөө учурунда кыргызстандык жарадар болгон бычактын ээсинин мурда соттолгону белгилүү болду. Аталган факты боюнча "Ээнбаштык"  беренеси менен кылмыш иши козголду.