Мигрант болуп келип актерго айландык. Москвадагы жубайлар менен маек

Кыргызстандык Эмил Токтомышев келинчеги Назгүл Мыйтанова менен Москвага мигрант катары келип, бирок кино дүйнөсүнө аралашып кеткен. Экөө бир жылдан ашык убакыттан бери кара жумушка аралашпай, жалаң гана тасмага тартылуу менен алектенишет.
Sputnik

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги эки кызды тарбиялаган жубайлар менен маектешип, мигранттык жашоонун оош-кыйышы, Москвадагы кино дүйнөсү жана аткарган ролдору тууралуу баарлашты.

— Чет жакка негизинен өз жеринде кыйналып-кысталгандар багыт алат эмеспи. Москвадагы жашооңуздар кандай? Кетүүңөргө эмне себеп болду?

Актёр Эркин Эгембердиев: гонорарды "дүңүнөн" сүйлөшкөн учурлар да болот
Назгүл: — Азыркы учурда Кудайга шүгүр. Жаңы келгенде чындыгында эле абдан кыйналдык. Дос-тууган деген жок, өзүбүз менен өзүбүз элек. Бул жер бир адам үчүн деле кыйын. Биз жолдошум экөөбүз эки кызыбыз менен жашайбыз. Бирок бар күчүбүздү жумшап иштеп жатабыз.

Кыргызстанда жолдошум экөөбүз соода менен алек болчубуз. Талас шаарындагы базарда соода ордубуз, чакан дүкөнүбүз бар эле. Анан банкрот болуп калдык, айла жок кеткенге туура келди. Болбосо Москва деген ойдо жок болчу. Биринчи жолдошум өзү жалгыз кеткен. Мен кийинчерээк жанында болоюн, чогуу иштейли деп бардым.

Эмил: — Ишибиз начарлап, карызыбыз көбөйүп кетти. Иштеп турган кезде тааныш, тууган, дос дегендер менен мамилебиз жакшы эле. Карызга баткандан кийин айланабызда эч ким калбай калды. Ушул нерсе бизди катуу өкүндүрдү. Адамдын табияты ушундай турбайбы. Акчаң жок болсо, аброюң түшүп калат экен. Жакын деген адамдардан жаман сөз уктук. Бирок бул жакта ойлогон максаттарыбызга, койгон пландарыбызга жетсек, баары өзгөрөт деген ишеничтебиз. 

Мигрант болуп келип актерго айландык. Москвадагы жубайлар менен маек

— Москвага келгенде эмне жумуш кылдыңыз?

Эмил: — Тез татымда бир ай иштеп каражат топтоп, анан келинчегимди чакырдым. Алгач жашообуз жакшы болуп жатты. Анан кыздарыбызды да жаныбызга алдык.  Бирок алар келген кезде жумушубуз жабылып калды. Москваны, жумуш табуу жолдорун билбегендиктен катуу кыйналдык.

— Киного кандайча аралашып калдыңыздар?

Жаңы нерсе үйрөнбөсөң ишсиз каласың! Кувейттеги кыргыз режиссёру менен маек
Эмил: – Башында социалдык тармактарда киного тартылуу үчүн актер керек деген жарнамаларды окуп калчумун. Бирок чынын айтсам, аларга ишенчү эмесмин. Кийин жездем тасмага тартылууга чакырып калды. Эмне болсо да барып көрөйүн, балким оңунан чыгып калаар деп макул болдум. Барсам кадимкидей кино дүйнөсү экен, эл көп, камералар толтура, режиссер, актерлор жүрөт. Дароо эле "Борис Годунов" деген тарыхый тасмага катышып, анда татардын ролун ойнодум. Ошентип башталып кетти, 2017-жылдан бери киного тартылып жүрөм.

Негизи актерлукка кызыкчумун. Кинону да көп көрөм. Алардын ичинен орустардын тасмалары жакчу. Анан ар дайым актерлордун образын анализдеп, "мен андай эмес мындай аткармакмын" деп кыялданчумун. Бирок чыгармачылыкка аралашып баштаганда бул тармактын татаал экендигин байкадым. Билбесең оңой деп ойлойсуң, чынында абдан кыйын.

Назгүл: — Мен да алгач ишенген эмесмин. Эмил барып тартылып, анан аябай жакшы экен деп келди. Байыркы кийимдерди кийген сүрөттөрүн көрсөттү. Аларды көргөндөн кийин мен да тартылам деп чыктым. 

Мигрант болуп келип актерго айландык. Москвадагы жубайлар менен маек

— Негизи бир киного чогуу катышкан убактар да болобу?

Назгүл: — Көбүнчө экөөбүз эки башка кинолорго тартылабыз. Бирок өткөн жылы декабрда үй-бүлөбүз менен бир фильмде чогуу болдук. Мен кылмышкердин аялын, күйөөм анын досун ойноду. Эки кызым да менин кыздарымдын ролун аткарышты. Көп деле айырмачылыгын байкаган жокпуз. Жөнөкөй жашоодо күйөөм бир аз кызганса, тасма учурунда андай болгон жок. Жөн гана жумушубузду аткарып жаттык.

— Ушул убакка чейин канча роль жараттыңыздар?

Эмил: — Чынын айтсам, эсибизде жок. Көп эле киного катыштык. Бул тармакка киргенибизге бир жылдан ашып калды. Кээде бир айда күн сайын тартылган убактар болуп калат. Кандай роль болбосун катыша беребиз.

— Аялдар үчүн тасмага тартылуу оор эмеспи?

Назгүл: – Жок, оор эмес. Эркектердикинен айырмасы жок. Киного тартылууну оор же жеңил кылуу адамдын өзүнө байланыштуу. Өз ишиңди татыктуу аткарсаң, кыйынчылык деле жаралбайт. 

— Көбүнчө кандай ролдорду сунушташат?

Эмил: — Азиаттардын ичинен кытай жана вьетнам улуттарын көп сунушташат. Анан кадимки мигранттарды — көчө шыпыргыч, таксисттердин ролун көп аткарабыз. Бир жолу полиция болдум. Россиянын күч кызматкерин ойнойм деп эч ойлогон эмес элем. Формасын кийгенде баары жарашат экен деп мактап калышты.

Назгүл: — Мени негедир тарыхый тасмаларга көп чакырышат. Андан сырткары, ашпозчу, үй кызматкери, курбу кыздардын ролдоруна көп тартылдым. Кылмышка шектүү жарандарды да ойноп калам.

Мигрант болуп келип актерго айландык. Москвадагы жубайлар менен маек

— Биз экрандан гана көргөн белгилүү актерлор менен чогуу тартылган кездер болобу?

Эмил: — Көп эле жылдыздар менен чогуу тартылдым. Алардын арасында белгилүү актерлор Сергей Безруков, Павел Майков, Александр Панкратов-Черный бар. Ошондой эле дүйнөгө таанымал мушкерлер Хабиб Нурмагомедов, Фёдор Емельяненко менен чогуу жарнамаларга катыштым.

— Бир киного тандалуу процессин түшүндүрө кетсеңиз?

Эмил: — Социалдык тармактарда тайпалар бар. Ал жакка бригадирлер "ушул күнгө, мындай ролго азиат актерлор керек" деп жазышат. Биз сүрөттөрүбүздү, кийим өлчөмдөрүн, бой-салмагыбызды жөнөтүбүз. Анан бул маалыматтарды режиссер карап, туура көргөнүн чакырат. Бул башында, жаңыдан гана аралашып баштаган кездеги процесс болчу. Азыр көптөгөн кинолорго катышып, тажрыйба топтоп, бул чөйрөдөгү адамдар менен таанышып калгандан кийин абал бир аз өзгөрдү. Азыр түз эле мага чалып, чакырышат. Эгер көбүрөөк адам керек болсо, мен башка кыргыздарды да ала барам. Бир фильмге отузга жакын кыргыздарды чакырган убактар да болот.

— Башка жумуш менен алектенбесеңиздер кинодон тапкан каражат жетишээрлик эле болсо керек. Маянадан кеп салсаңыздар?

Чемоданда чоңойгон. Актриса Шайыр Касымалиева тууралуу 8 факты
Эмил: – Ар бир долбоорго ар башка каражат төлөнөт. Негизи кинодо жараткан ролдорду үчкө бөлсөң болот. Биринчиси, жөн гана көпчүлүктүн арасындагы адамдарды ойногон, сөзү жок массалык ролдор. Ага күнүнө 1500 рубль берилет. Андан кийин тайпалык ролдор бар. Анда экрандагы үч-төрт кишинин бирин аткарасың. Сөздөрү да аз болгондуктан 3-4 миңдин тегерегиндеги акча аласың. Эң жогоркусу — жеке ролдор. Сүйлөгөн сөзүңүн көлөмүнө жараша 15 миңге чейин тапсаң болот. Булардын баары күнүнө төлөнгөн каражат. Азырынча бизге болгон талаптардын көптүгү сүйүндүрөт. Бир айда дем алышсыз иштеген убактар, бир күндө эки долбоорго катышкан кездер болуп калат.

Назгүл: – Мен ошол эле кезде клининг компаниясында да иштейм. Үйлөрдү, ар кандай имараттардын ичин тазалайбыз. Бирок бул ар дайымкы жумуш эмес. Көбүнчө тасмага катышканга басым жасайм. 

— Жасаган эмгектериңиз кийин экранга чыкканда көрүп турасыздарбы?

Назгүл: — Өзүбүз көп көрө албай калабыз. Биринчиден, убактыбыз аз. Экинчиден, бир тасма тартылып жатканда жана көрсөтүүгө чыкканда эки башка ысым менен аталып калган убактар көп кездешет. Көбүнчө Кыргызстандагы тааныш-туугандар жөнөткөндө гана көрөбүз. Алар да "Москвага иштейбиз деп кетип, актер болуп калышты" деп таң калышат.

Мигрант болуп келип актерго айландык. Москвадагы жубайлар менен маек

— Тартылуу учурунда актерлорго болгон мамиле кандай?

Эмиль: — Массалык ролдорго тартыла турган актерлордун бири болсоң көп деле көңүл бурулбайт. Бирок сүйлөй турган сөзү бар, чоңураак образдарды жаратсаң жасалган мамиле да, шарт да өтө жогорку деңгээлде. Өзүнчө бир бөлмө, айдоочу, жардамчы берилет. Тамак-ашың ар дайым даяр. Тез-тез ал-акыбалыңды сурап турушат. Кичинекей  баланы карагандай эле карашат.

Енисейдин жээгинде жашаган Жаналиев: бизде кой жок, майрамда бугу союп жейбиз
— Россияда жүрүп кошумча жумуш катары киного тартылган кыргыз жигиттеринин саны көп экендиги белгилүү. Кыз-келиндерчи?

Назгүл: — Кыздардын саны чындыгында эле аз. Мен, мисалы, киного тартылган бир дагы кыргыз кызын жолуктурбадым. Каракалпактардан, Бурятиядан бар. Керек болгондо издеп калабыз. Биздин кыздар "Эмнени тартышат экен, алдап коюшпайбы?" деген көп суроо беришет. Башка жумуштарда иштеп көнүп калышкан, кинону олуттуу кабыл алышпайт.

— Алдыда киного байланышкан кандай пландарыңыз бар?

Эмил: — Кичине атыбыз чыгып, элге таанылып калгандан кийин бул жакта фильм тармагында иштеген балдар менен чогуу өзүбүз тасма тартсакпы дейбиз. Москванын жашоосу, бул жактагы кыргыздардын тагдыры жөнүндө жакшы бир чыгарма болот деген ойдобуз. Буга эми сөзсүз түрдө көбүрөөк каражат керек.