Казакстанда президенттик шайлоо болуп жатат. Ага эл кандай катышууда

Президенттик тактыга жети талапкер ат салышып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Бүгүн Казакстанда болуп жаткан президенттик шайлоого саат 10.00дөгү маалыматка караганда, жалпы шайлоочулардын  12,8 пайызы катышты. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

"Ушул тапта Нур-Султанда — 10,3 пайыз, Алматыда — 4,1 пайыз шайлоочу добуш берүү үчүн барды. Эртең мененки саат 7.00дө башталган шайлоо процесси саат 20.00гө чейин уланат", — деп айтылат билдирүүдө.

Азырынча добуш бергендердин арасында Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев, учурдагы президент Касым-Жомарт Токаев жана талапкерлер Толеутай Рахимбеков менен Амангельды Таспихов бар.

Назарбаев бир күндө эки наам алып, кызы Дариганын кесиптеши болуп калды
Президенттик тактыга жети талапкер ат салышууда.

Эске салсак, Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев ушул жылдын 19-мартында ээлеген кызматынан кетип, мамлекетти башкаруу укугу парламент сенатынын төрагасы Касым-Жомарт Токаевге өткөрүлгөн.

Көп өтпөй Токаев шайлоо мөөнөтүнөн мурда болорун айтып, 9-июнга белгилеген.