БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Казакстандын Ички иштер министрлиги Нур-Султандагы мыйзамсыз митингдердин учурунда улгайган киши каза болгондугу туурасындагы маалыматты жокко чыгарды. Бул туурасында Sputnik Казакстан жазды.
Жекшемби күнү интернетте "Нур-Султан шаарында кишилерди кармап жатканда бир киши көз жумду" деген маалымат тараган. Аны полиция кызматкерлери өлтүрө сабап салды дешкен.
ИИМдин маалыматына караганда, нааразылык учурунда улгайган киши эсин жоготуп жыгылган.
"Полиция кызматкерлери Тез жардамды чакырып, медиктер келгиче алгачкы меджардам көрсөтүшкөн. Анын өлгөнү тууралуу маалымат жалган", — деп айтышты ИИМден.
Буга чейин Нур-Султан жана Алматы шаарларында мыйзамсыз митингден бир нече кишилердин кармалганы тууралуу малымат тараган.
Эске салсак, бүгүн эгемен Казакстанда алтынчы ирет президенттик шайлоо болуп жатат. Анда президенттик тактыга жети талапкер ат салышууда.
Ал эми коңшу өлкөнү 30 жыл башкарган Нурсултан Назарбаев президенттик кызматтан 19-март күнү өз чечими менен четтеген.