Балмуздак кантип жасалат? Эки мүнөттүк видео

Эгерде кадимки эле балмуздактын кантип жасаларын билбесеңиз, бул жакка бир көз жүгүртүп коюңуз. Кадрлар Белоруссиядагы факбрикалардын биринде тартылган.
Sputnik

Балмуздакты жасоого бир топ убакыт жана күч кетерин Sputnik Беларусь агенттиги жазган.

Шымкентте үлпөт тойдогу 1,5 тонналык торт элдин жакасын карматты. Видео
Иштер толугу менен автоматташтырылып, аны даяр кылууга үч суткага чукул мезгил керектелет.

Биринчи — аралашмалар жасалып, жасоо жолу аныкталат. Андан соң алынган аралашманы жылытып, чыпкалап, пастеризациялап, суутуп жана бир топ убакыт коюп коюшат. Бул баары жабык идиште жасалат.

Аппараттык даярдыктан өткөргөндөн кийин атайын жабдууга – фризерге куюлат. Ал абага бир аз кармалат да,  дароо тоңдурулуп сатыкка чыгарганга даярдалат. Тагыраагы, -18 жана андан төмөнкү суук камерада туруп, анан гана дүкөндөргө түшөт.