Манаска "доолуу күндө көмөк, жоолуу күндө жөлөк" болгон Алмамбет тууралуу 14 факты

Алмамбет — "Манас" эпосундагы башкы каармандардын бири, ал Манас баатырдын оң колу, согуш тактикасын мыкты өздөштүргөн көрүнүктүү кол башчы, чыгармада трагедиялуу тагдырдагы инсан. Азыркы күнгө чейин кыргыз элинде балдарга Алмамбет деген аттар коюлуп, достуктун символу катары ардакталып келет.
Sputnik

Биз бүгүн ошол каарман тууралуу 14 фактыны сунуш кылабыз.

Алмамбеттин улуту, эли жана жери. Алмамбет улуту боюнча кытай, айрым учурда калмак деп да айтылат. Эли-жери Туңша журту. Ал жердин каны Чылаба, анын уулу Солобо, андан Соорондук, айрым варианттарда Азизкан. Алмамбет анын 54 жашында зарлап жүрүп көргөн уулу. Соорондук Манаска душман тарап болгон кытайдын Эсенкан, Алооке, Карыкан деген кандары менен бир тууган. Жаш чагында Алмамбет да атасынын ордуна кан болгон. Атасынын бир тууганы Алоокенин уулу Коңурбай менен урушуп-жоолашып, элин таштап казактын Айдаркан уулу Көкчө деген канынын айлында туруп калат. Ал жерден ар кандай айың кептер чыкканда Көкчөнүн зайыбы Ак Эркечтин кеңеши менен Манасты издеп таап, кыргыздар арасына кетет.

Батасын алган аялдар төрөгөн. "Манас" эпосундагы Кошой тууралуу 12 факты
Төрөлүшү да адаттан тыш эпикалык окуя. Ал төрөлгөн күнү жай мезгили болсо да бир ай бою күн ачылбай, кар жаап турат. Туулуп жерге түшкөндө жер титиреп, катуу шамал жүрүп, бир күн, бир түн мал үркүп, иттер тынбай үрүп, короздор беймаал чакырып, өзүнчө эле кыямат болот. Көп күндүк катуу толгоодон энесинин эси ооп, эмчеги байып, баласына сала албай, дунган киши Салордун аялы Изат дегендин эмчегин ээмп калат.

Атын бир белгисиз думана коёт. Алмамбетке ысым ыйгарыш да оңойго турбайт. Соорондук эл чогултуп, чоң той берет. Ошондо көп адамдан бирөө чыгып балага ат коюуга батынбайт. Атасынын ачуусу келип турганда кайдан-жайдан бир кытай думана пайда болуп, баланын аты Алмамбет болсун деп кетет. Бул ысымга атасынын көңүлү толбойт, ошентсе да ат койгон акысына жолдугун кылып, алты дилде, он күмүш акча берсе, жанагы думана жок болуп кетет. Көрсө, бул касиеттүү Кызыр экен. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Алмамбет атадан эмес, нурдан бүтөт, туулганда эле мусулман болуп, сүннөттөлүп түшөт. Анын акыр-аягы кытайларга душман болорун билип, ошол жылы туулган балдарды бирден касиеттүү кудукка салып чыгышат, эгер бала душман болсо, кудук күйгүзүп койчу экен. Алмамбетти да кудукка салганда ичинен периште тосуп алып, күйгүзчү сууга жеткирбей турат да, кайра аман чыгарат.

Бала чагында хандык такка отурган. Алты жашка толгондо айланасына жигит топтойт, атасы Суук-Төр деген жердеги Авердин көлүндөгү Аберген деген ажыдаардын окуусуна киргизет, ал жерде өзгөчө зээндүүлүгү менен адам акылы жетпеген суроолорду жаадырып устатын убайга салат. Ажыдаар окуусунда үч жыл Кожожаш менен бирге илим алат. 14кө жашы келгенде атасы Соорондук баласынын акыл идирегине ишенип, кандык тагын ага өткөрүп берет.

Дарыгер, баатыр, саякатчы. "Манастагы" кан Бакай тууралуу 15 факты
Көп өнөрдү карманган. Ажыдаардын окуусунан мергенчиликти, өзүнө ок өткөрбөй коюуну, асманга учканды, аярлыкты, ачык күндү жаадырган, жайдын күнү кыш кылган жайчылык өнөрүн үйрөнөт. Мына ошол өнөрлөрү менен Кытайдын чегин кайтарган куу түлкү, куу өрдөк, куу аркар, жалгыз көздүү Макел-Малгун ж.б. адам күчү тең келбес жаныбарларды жок кылып, кыргыз колуна жол ачат, агыны күчтүү дайранын суусун тартылтып, аскерлердин өтүп алуусун камсыз кылат.

Бийлиги жана таң каларлык реформалары. Ал такка отурары менен калыстыгын, адилеттүүлүгүн көрсөтөт. Кытайдын башкы хандары чече албаган көйгөйлөрдү чечет. Хандыктын аскер башчылыгын да өзү алып, элинин бейпилдигин сактайт. Ошол кезде улук адамдардын урматына деп кара башыл кишини курмандыкка чалуу салты боло турган экен, аны токтоттурат. Табыптар жаш бала менен кыздын боорунан кары адамдарды жашарта турган дары жасашчу экен, аны токтоттурат. Мына ушундай кадыр-барк күтүп калган кезде Эсенкандын аярлары, көзү ачыктары "бул жигит түбү бизге жакшылык кылбайт, ушундайда жок кылуу керек" деп чечип, уу бермекчи болушат. Бирок коркуп ага бара алышпайт.

Эки достун кездешүүсү. Манас менен Алмамбеттин кездешүүсү — эпостун эң күрдөөлдүү окуясы, сюжеттик сызыктын бурулушу. Алмамбет кыргыздар менен согушуп жаткан элдин кулуну, анан ошол душман элдин өкүлү, хандарынын бири, атактуу баатыры болуп туруп, кыргыздарга келиши, анын кыргыздар менен кошулуп, кыргыз болуп, кайра өз элине каршы согушка кириши — манасчылардын гениалдуу табылгасы. Ал өз элинен адилеттикти, чындыкты издеп таппай, Күн батыш көздөй жөнөдү, анын адамдык кредосу - "Кайыңды көрсөм конормун, кайышпай кайың көтөрсө, как ошо жерде болормун", "Башымды жөлөр паана жок, баркымды билер даана жок" деген сөздөрдө. Ошол издеп-көксөгөнүн Манастан тапты. Манас да Алмамбеттей сыр билги, баатыр жүрөк, акылман доско муктаж эле. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча, Манас анын келе жатканын Үч-Кошойдун башына чыгып көрөт да, ага мындай баа берет: "Кызыл түктүү пил экен, кыраан эрдин бири экен, алыскы ишти ойлогон, акылмандын бири экен, айбатына жан түтпөс, баатырлардын бири экен, кең көкүрөк, сом далы, балбандардын бири экен, кездешкенин мант кылып, алгандардын бири экен, азуусу албарс, уу тырмак, айбаты менен ааламды, баскандардын бири экен". Ушул вариантта ал ушул кетип жатышта Мекеге бараткан болот. Манас аны тосуп алып, алдына Сараланы тартуу кылып, үстүнө тон жаап, Ысбахан менен Ындыстандан бери эл чакырып, чоң той берген соң сапарын ушул жерден токтотуп, бир өмүр Манастын эли-жеринде калат. Манас менен кездешкен соң Чыйырдынын оң эмчегин Манас, сол эмчегин Алмамбет ээмп, экөө эмчектеш болот. Буга Манас "энеден экөө болдум" деп сүйүнөт. Кыргыз салты боюнча бир эненин эмчегин эмгендер бир тууган болушат.

Манастын колуна кыргын салып... Калк энеси Каныкей тууралуу 15 факты
Алмамбеттин жомогу же Алмамбеттин арманы. "Манас" эпосундагы трагедиялуу тагдырлардын бири - Алмамбет. Көпчүлүк варианттарда ага атайын чоң орун берилет. "Чоң казатка" чыкканда Бээжинге чалгын чалуу үчүн Манас кыраакы жоокер, тилди да, жердин ыгын да жакшы билген Алмамбетти тандайт. Ал "Ажал жетсе окко учуп, намыс үчүн өлөйүн" деп Сыргакты ээрчитип чалгынга жөнөйт. Алардын артынан жете келген Чубак чатак чыгарат, өзүн Алмамбеттен төмөн койгонго намыс көрөт. Ушундан кийин Алмамбет жанындагы Манас, Чубак, Сыргакка өз балалыгын, тагдырын арман кылып айтып берет. Бул эпизод - манасчылар сүйүп айткан бөлүмдөрдүн бири гана эмес, угуучулар көзүнө жаш алып тыңшаган, кайра-кайра айттырып уккан эпизоддордун бири.

Манастын да, Каныкейдин да ишенимине кирет. "Чоң казатка" чыгар алдында Каныкей Манасты ушул Алмамбетке гана ишенип тапшырат.

Кол башчы. Манастын колу "Чоң казатка" аттанганда ошол колду баштоо, хан болуу укугу ушул Алмамбетке берилет. «Кытайга каршы согушка баратса, анан улуту кытай Алмамбетке хандыкты өткөрүп берет деген эмнеси» деп Манастын жакын кишилери каршы чыкканга да карабай, бийликти бүт Алмамбетке ыйгаруу менен Манас анын аскердик билимине, жер сырын билген акылмандыгына, кыргыз колунун ичиндеги кадыр-баркына ишенген. Алмамбеттин сунушу менен онбашы, жүзбашы, миңбашы, баатырбашы (10000), бек (100000 аскердин башчысы) дайындалып, ошолор ар бир жаран үчүн жооптуу болгон, улам жогору жакка билдирип турган. Алардын символдору мындай белгиленген: бир бектикке — бир туу, бир баатырбашы же түмөнбашыга — бир туу, баары — отуз туу, бир миңбашыга — бир байрак, баары — отуз миң байрак. Жалпы колго үч жүз керней, үч миң сурнай. Бул кыргыз колунун Алмамбет бекиткен өтө катуу тартиби, кол эсебин алуунун, өлүү-тирүүлөрүн тактоонун жолу. Аскер илиминде чалгынга баруу, ал жактан "тил" кармап келүү жеңишке жетүүнүн биринчи жолу катары эсептелет. Бул ыкманы кыргыз жоокерлери да колдонот. Алмамбет, Чубак "кентундуктан тил кармап" келе жатканы айтылат (Манас, 4-китеп, СО, 1982, 247). Алмамбет чалгын чалып жолду жана географиялык аймактарды белгилеп турат. Чалгында Алмамбет, Сыргак болуп Коңурбайдын колуна кабылат. Ошондогу абал: "Мылтыктын калды огуна, жазайыл менен тобуна, жатып калды баатырың, жалын менен чогуна" (Манас, 4-китеп, СО, 1982, 323). Ушундай татаал учурда да Алмамбет жаш Сыргакты сабырдуулукка чакырат. Согушта жеңилбөөнүн, багынып бербөөнүн жолу — душмандын чабуулу кезинде алдастап, коркуп калбоо, өздөрүн жоготуп колго түшүп бербөө. Андыктан да Алмамбет: "Каныңды койбой жууп ал, жанагыдай демикпей, эсиңди жыйып, сууп ал!" (Манас, 4-китеп, СО, 1982, 324) деп жаш Сыргакка акыл айтып жатат. Кытайлар менен бетме-бет чыгып согушка киргенде душман аябай көп болуп, жамгырдай жаа тартып, мөндүрдөй ок атып Манаска жетип турганда, айкөл Көл-Кечүүдөн чыга албай турганда баатырды көзөмөлдөп Алмамбет менен Чубак жете барат да мылтык менен ондон, бештен окко учурат, жазайыл мылтык дагы атып, койчагыр менен топ атып, Манасты коркунучтан сууруп чыгат. Жусуп Мамайдын вариантында мындай айтылат: "Алмамбет султан жол баштап, элүү төрт илек (бир илек 100 миң – М.А.) кол баштап, түрк уланы келген дейт" (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 98). Демек ал 5 миллион 400 миң кыргыз жоокери менен кытайга каршы согушка кирген болот.

Манаска берген убадасынан тайган. Эпостогу Кыз Сайкал тууралуу 7 факты
Манастан мурда каза болот. "Чоң казатта" ага Шыпшайдардын огу тийип, каза болот. Ошондо кан досунан, жан досунан ажыраган, тоодой болгон алп Манас кумурскадай кунсуз болуп: "Кызыл болот желегим, Алмамбет — Каңгайдан келген белегим, кысталыш жерде керегим, өйдө чыкса — өбөгүм, өлбөй кантип турамын, кайран Алмам — жөлөгүм, алтын айдар, чок белбоо, арстаным Алмам, ала жат, кол кармашып кеткенге, кокуй күн, Алмам, ала жат",- деп жер муштап арманын төгөт.

Алмамбеттин керээзи жана анын сөөгүнүн коюлушу. Алмамбет керээз кылгандай, анын сөөгү Катагандын кан Кошой жердеген Ат-Башынын Чеч-Дөбөсүнө коюлат.

Алмамбетке байланыштуу жер-суу аталыштары. Ат-Башынын Чеч-Дөбөсүндө эски кабыр "Алмамбеттин кабыры" аталат. Чоң казатта Шыпшайдар аны атып өлтүргөндө сөөгүн минген аты Саралага жүктөп жөнөтүшөт, адамдан акылдуу жаныбар ээсинин жасатын Чеч-Дөбөгө алып келип, ушул жерге коюлган деп айтылат. Кытайдагы Манас шаарында Сөгөт деген мазарда "Алмамбеттин күмбөзү" бар. Мусулмандардын күмбөзүндөй жасалган, ичинде намаз окуй турган кобутча да орун алган.

Алмамбет күүлөр. Кыргыз колун Бээжинге баштап барганда эли-жерин көрүп Алмамбеттин Сыргакка айткан арманы "Алмамбеттин арманы" деген күүдө айтылат. Бул күүнү кыргыз радиосунун коруна Ыбырай Туманов, Актан Тыныбеков сыяктуу комузчулар жаздырган. Ошондой эле дагы бир күү "Алмамбеттин жомогу" деп аталат. Анда Кытайдын эли-жерине Тал-Чокуда туруп Манас дүрбү салып таң калып турганда, Алмамбет өзү тууралуу Манаска, Чубакка, Сыргакка айтып берген тагдыры баяндалат.