ЖАМК Чыңгыз "Дөөнүн" абакта эмне оорудан дарыланып жатканын айтты. Сүрөт

Буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары кылмыштуу топтун мүчөсүнүн 3-4 киши менен дасторкон четинде отурган сүрөтүн талкууга алышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы "Дөө" каймана аты менен таанылган кылмыштуу топтун мүчөсү Чыңгыз Жумагулов тууралуу билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, социалдык тармакта талкуу болуп жаткан Чыңгыз Жумагуловдун дасторкон четинде отурган сүрөтү эски. Сүрөт ал бир канча жыл мурун түзөтүү колониясында жаза мөөнөтүн аткарып жатканда тартылган.

Аталган фото боюнча социалдык тармактын колдонуучулары "ушундай шартта жашайт экен" деген нааразы пикирлерин жазышкан.

"Учурда Чыңгыз Жумагулов Бишкек шаарындагы №47 түзөтүү колониясынын ооруканасында "аллергиялык дерматит " диагнозу менен дарыланып жатат", — деп жазылат билдирүүдө.

Балдарды реабилитациялоо борборунун экс-жетекчиси Петрушевский кармалды
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Жумагуловдун учурдагы сүрөтүн да кошо жиберген.

Эске салсак, Чыңгыз Жумагулов жана анын эки шериги эки кишинин өлүмүнө шектелип №1 убактылуу кармоо жайына киргизилген.

10-апрель түнү Бишкектеги медициналык мекемелердин биринин алдына белгисиз адамдар катуу сабалган эки кишини таштап кетишкен. Алардын бири 45, экинчиси 36 жаштагы жарандар болгон. Экөө тең жандандыруу бөлүмүнөн каза болгон. Кылмышка шектүү катары кылмыштуу топтун эки мүчөсү кармалган. Ал эми үчүнчүсү Чыңгыз Жумагуловго издөө жарыяланып, тиешелүү органдар аны 2019-жылдын 11-апрелинде колго түшүргөн.