Сокулукта автоунааны уурдап, өрттөп салышкан. Шектүү окуучулар кармалды

Алдын ала маалымат боюнча окуучулар эшиги ачык калган автоунааны айдап кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Укук коргоо органдары эки окуучуну кармады, алар автоунааны айдай качып, андан кийин өрттөп салган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин маалымат кызматы билдирди.

Сокулук РИИБине Шопоков айылынын 44 жаштагы тургуну кайрылып, анын ВАЗ-2101 үлгүсүндөгү автоунаасын 15-майда уурдап кеткендерге чара көрүүнү өтүнгөн. 

Сокулукта автоунааны уурдап, өрттөп салышкан. Шектүү окуучулар кармалды

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Укук коргоо органдары шектүү катары 13 жаштагы К.М. менен Ж.Р. аттуу өспүрүмдөрдү кармаган, алар жасаган кылмышын моюнга алышкан.

Кантта Тез жардам унаасы толугу менен күйүп кетти. Видео
Чүй ОИИББдин маалымат кызматынын билдиришинче, кармалган жарандар Шопоков айылындагы көчөлөрдүн биринде токтоп турган машинанын эшиги жабылбай калганын байкап, аны от алдырып айдап, Гавриловка айылына кетип калышкан. Ал жактан автоунаанын майын куюп алышып, өрттөп жиберишкен. Учурда алар ата-энелеринин кепилдиги менен коё бирилип, тиешелүү бардык экспертизалар дайындалуда.