БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. "Ош" эл аралык аэропорту бүгүн, 7-июнда, QAZAQ Air компаниясынын Алматы — Ош — Алматы каттамын кабыл алды. Бул тууралуу "Манас" аба майданынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Bombardier Q400 NextGen учагы менен 64 жүргүнчү келди.
"Биринчи рейстин жүргүнчүлөрүн Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчиев, Казакстандын Оштогу консулу Данияр Атанов, QAZAQ Air компаниясынын өкүлү Адель Даулетбек, КР ТИМинин өкүлдөрү жана "Манас" аэропортунун Оштогу филиалынын директору Талантбек Ысаков тосуп алды", — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, Ош — Алматы рейсине жүргүнчүлөрдү каттоо майрамдык иш-чара менен коштолгон. Буга чейин эгер жүргүнчүлөр каттоого кыргыз же казак улуттук кийими менен келсе, Оштон Алматыга бекер учушары айтылган. Натыйжада бүгүн, 7-июнда, төрт киши талапты аткаргандыктан бекер учушту.